Тейлөөнү талаптагыдай уюштуруу максатында жыл сайын автопаркты жаңылоонун үстүндө иш алып баруудабыз. Биздин компания, өндүрүштүк чөйрөнүн жана эмгек ыргагынын жакшыртылган жагдайларын камсыз кылуу максатында, өндүрүшкө керектүү эки даана “Нива” үлгүсүндөгү автоунаа сатып алды. Аталган автоунаалар жол каттамы татаал, шарты катаал тоолуу Чаткал жана Токтогул район электр тармактар ишканаларына тапшырылды. Муну менен оңдоо жумуштарын ыкчам аткарууга кошумча шарттар жаралды.