Майлуу-Суу шаарынын борбордук көчөсүндө абалы талапка жооп бербеген, жарактуу мөөнөтү бүткөн  жыгач мамылар жаңы бетон мамыларга алмаштырылууда. Бүгүнкү күнгө 25 даана мамы орнотулуп, учурда 6 кВ аба чубалгылар тартылууда. Муну менен күз-кыш айларындагы аба ырайынын кескин өзгөрүүлөрүнө туруштук берилет жана техникалык жоготуулар азаят. Аны менен катар аба чубалгыларга тоскоолдук жараткан бак-дарактарды  бутоо жумуштары да жүрүп жатат.