«Жалалабатэлектро» ачык акционердик коому 2019-2020-жылдын күз-кыш айларына карата даярдыктарды жер-жерлерде улантып жатат. Майлуу-Суу шаарындагы 35/6 кВ «Сары-Бээ» көмөк чордонун толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, андан сырткары эскирген май өчүргүчтөрдүн ордуна  3 даана жаңы заман талабына жооп берген вакуумдук өчүргүчтөрдү орнотуп жатышат. Үстүбүздөгү жылы пландын негизинде область боюнча 20дан ашуун акыркы үлгүдөгү вакуумдук өчүргүчтөр коюлат.