Союз маалында 35 кВ “Караван- Анашев” аба чубалгысынын 3 чакырымдан ашык тилкеси  Өзбекстан Республикасынын Наманган областына караштуу Хазретша айылында курулуп калган. Аталган аба чубалгынын тилкесин  Кыргызстан Республикасынын аймагына алып өтүү үчүн “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коому тендер жарыялаган. Тендерге катышкан компаниялардын арасынан “Бишкекэлектро” жоопкерчилиги чектелген жабык акционердик коому утуп алган. Учурда Аксы районуна караштуу Кош-Дөбө айылында иш жүргүзүп жатышат. Жалпысынан 16 даана анкердик темир мамычалар, 26 даана СК-22 үлгүсүндөгү электр мамычалар коюлуп, 5 чакырым аба чубалгысы тартылат. Бүгүнкү күндө жумуштун 40 пайызы бүтүп калды, куруучулардын айтымында бир ай аралыгында толук бүтүрүлүп ишке берилет.