16 000 абонентти  электр энергия менен камсыздаган Көк-Арт электр тармактар ишканасынын кызматкерлери жаздын жарышы менен Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Беш бала айылына 15 даана электр мамыча орнотту. Айылдын Турусбекова көчөсүнүн экинчи катарына убагында электр мамычалар орнотулган эмес, мындан улам аба чубалгылар турак жайларды аралап тартылып калган. Жергиликтүү жашоочулардын кооптондургон маселеси чечилди. Кошумча тетиктер келгенден кийин 700 м аба чубалгысы  тартылат.