2. “Жалалабатэлектро” Ачык Акционердик коому аба чубалгылардын мамычаларын суу ташкындарынан коргоо үчүн кошумча дамба курду

2016-08-05
31.jpg

   Ала-Бука районуна караштуу   Шекафтар-Ажек аба чубалгысынын мамычасы сайдын суусуна жакын болгондуктан аны коргоо зарылдыгы туулган. Жаан-чачындын көбөйүшү менен суунун басымы көтөрүлүп мамычага жакындамак. Мындан улам аталган аба чубалгынын  №10 мамычасын суу-ташкындарынан коргоо үчүн Ала-Бука райондук электр тармактар ишканасынын  жогорку чыналуудагы электр жабдууларын тейлоо кызматынын адистери кошумча дамба куруп, суунун жээгин бекемдешти.