Көмөк чордондор оңдоп-түзөдөн өткөрүлүп, кошумча кубаттуулуктагы трансформаторлор орнотулууда

2016-08-05
28.jpg

  “Жалалабатэлектро” Ачык Акционердик коому күз-кыш айларына болгон даярдыктарды улантууда. 35/6/10кВ көмөк чордондордун 47и даанасы толугу менен оңдоп-түзөдөн өткөрүлдү. Ал эми 35/6/кВ Промышленная көмөк чордонунда 4 даана типтеги SUSOL ваакуумдук выключательдери алмашылды. Мындан тышкары аба чубалгыларына тоскоолдук жараткан бак-дарактар буталып, тазаланды.  35 кВ   Тепличная-Сейдикум №95, №1 Арал-Тепличная  №1,№10, Арал-Сакалды №1, №65 Арал-Ленинская №1, №94 Избаскент-Восточная№1, №87, Избаскент-Рахманжан №1, №61, Рахманжан-Ленинская №1, №55, Сузак-Ажиматова №1, №96, Сузак-Аскар-Ата №23 мамычалары сырдалды.