Шекафтар-Ажек-Кыргызстан аба чубалгысы толугу менен Кыргызстандын аймагына өткөрүлдү

2016-08-02
27.jpg

   Ала-Бука районундагы “Шекафтар-Ажек-Кыргызстан” аба чубалгысынын 4 чакырымдан ашыгы Өзбекстан Республикасынын аймагында жайгашкан. Мындан улам ыкчам тейлөө иштерин жүргүзүүдө тоскоолдуктар болуп келген.   “Жалалабатэлектро” Ачык Акционердик коомунун 2016-жылга коюлган иш планынын негизинде 5, 5 км аба чубалгысы Кыргызстан территориясы аркылуу жаңыдан курулуп ишке тапшырылды.  Ага 14 589 200 сом акча каражаты ажыратылып берилди.